Венчурдук каржылоо. Стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?Министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчыдагы шаардык ооруканага барып, бир катар тапшырмаларды бердиКыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдары
Курсан Асановдун айдоочусу кармалды
26.08.2019 | 09:33
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу 23-октябрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Дамирбек Пайзылла уулу 23-августта Курсан Асановко карат козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип жатат.
13-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов” милициянын кызыкчылыгын сатты” деп, ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деп айып таккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат