Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Шарджа – Ош жана Бишкек багыттары боюнча авиакаттамдар кайра жанданат
11.06.2026 | 10:36

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Шарджа шаарынан Ош жана Бишкек багыттары боюнча авиакаттамдар кайра жанданат. Мындай макулдашууга «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен делегациясынын жолугушуусунда жетишилди.
Каттамдар «Air Arabia» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашат. Каттамдар төмөнкү даталарда ачылат:
- Шарджа – Ош – Шарджа: 2026-жылдын 22-июнунан тарта;
- Шарджа – Бишкек – Шарджа: 2026-жылдын 3-июлунан тарта.
Жолугушууда тараптар ошондой эле маршруттук тармакты кеңейтүү, жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү жана туристтик, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары жарандык авиация тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: БАЭ, Кыргызстан аэропорттору