Кыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жетти

Кыргызстанда 2025-жылдын аягына карата жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 25 миллиард сомго жетип, экспорт 163,5 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Ал бул тармак ишкердикти өнүктүрүүнү, жумуш орундарын түзүүнү, экспорттук потенциалды чыңдоону жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууну камсыз кылган экономиканын маанилүү секторлорунун бири бойдон кала берерин белгиледи.
Министрлер кабинетинин мүчөсүнүн айтымында, тигүү өнөр жайы да өлкө экономикасынын кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп саналат жана он миңдеген кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылат.
Касымалиев бул көрсөткүчтөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнөн, продукциянын жогорку сапатынан жана бул тармактын кызматкерлеринин натыйжалуу ишинен кабар берерин баса белгиледи.
Ал мамлекет жеңил өнөр жайын жеңилдетилген каржылоо программалары, жагымдуу салык шарттарын түзүү, өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоо жана жаңы ишканаларды ишке киргизүү аркылуу колдоону улантып жатканын айтты.
«2024–2025-жылдары “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында жеңил өнөр жайынын 23 ишканасы ишке киргизилди. Бул 3 миң 971 жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди. Инвестициялардын жалпы көлөмү 6,7 миллиард сомду түздү», — деди Касымалиев. Ал ошондой эле бул тармакта электрондук коммерциянын өнүгүшүн өзгөчө белгилеп өттү.
Анын айтымында, ишканалар санариптик платформаларды активдүү киргизип, сатуу географиясын кеңейтип, эл аралык рынокторго чыгууда.
Касымалиев ошондой эле тармактын ардагерлерине жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө катышып жаткан жаш адистерге ыраазычылык билдирди.