Курулуш агенттиги: Быйыл социалдык-маданий багыттагы 112 объекттин курулуш иши аяктайт

Курулуш агенттиги: Быйыл социалдык-маданий багыттагы 112 объекттин курулуш иши аяктайт

Өлкө аймактарындагы социалдык маанидеги объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо – Өкмөттүн негизги милдеттеринен. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов социалдык объектилердин, жолдордун, ичүүчү таза суунун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча өткөн кеңешме билдирди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочорав маалымдагандай, 2020-жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объекттин курулуш иши аяктайт. Анын 70 билим берүү, 17 саламаттык сактоо уюмдарынын мекемеси.

Премьер-министр социалдык объектилерди белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Ошол эле учурда алардын сапаттуу бүткөрүлүшүн катуу көзөмөлгө алгыла. Муну менен катар план боюнча 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилүүгө тийиш. Социалдык объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо Өкмөттүн бирден-бир милдеттеринен экенин эсиңерден чыгарбагыла», — деди Кубатбек Боронов. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>