Камчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту кайрадан жабык түрдө өтөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башка жети адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумдар кайрадан жабык түрдө өтөт. Бул тууралуу ЖМКлар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумда прокурорлор ишти кайрадан жабык кароо боюнча судьяга өтүнүч келтиришкен. Сот бул өтүнүчтү канааттандырып, отурумдарды жабык өткөрүү чечимин кабыл алган.
Эске салсак, ушул жылдын апрелинде Ташиевге «Адамдардын тобу тарабынан бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси менен кошо бул иш боюнча дагы жети адам өтүүдө. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев бар.
Буга чейин Ички иштер министрлиги соттук ишке жашыруун макамын бергендиктен бардык соттук отурумдар коомчулук жана басма сөз өкүлдөрү үчүн жабык каралып жаткан. Бирок 11-июндагы отурумда жактоочулардын бири сотту ачык өткөрүү өтүнүчүн келтирип, аны сот Азирет Медеров канааттандырган. Ошентип 15-июндагы соттук отурум ачык каралып, ага коомчулук жана журналисттер катышкан.