Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры биринчи жолу Москва шаарында 5 спектакль коет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Кыргыз артисттери 30-августтан 3-сентябрга чейин Моссовет театрында өнөр көрсөтүшөт.
Алар «Күрөк ханышасы», «Мастер жана Маргарита», «Сүйүү жана кептерлер», «Баба Шанель», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спекталдарын тартуулашат.