Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Бишкектеги тез татым жайда жигитти сабоого шектелген жаран кармалды
20.08.2024 | 16:50
Бишкекте тез татым жайында 22 жаштагы жигитти сабоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Эскерте кетсек, окуя 13-августта болгон. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, бир адам Жал кичирайонундагы тез татымдын ичинде 22 жаштагы жигитти уруп, жаагын сындырган.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы Н.Т. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
https://reporter.kg/bishkekte-erkek-kishi-shaar-turgunun-sabap-salgan-video/