Кыргызстанда бир жума ичинде 534 мас айдоочу аныкталдыМинистрлик: Көл-Суу көлүнүн жээги таштандылардан тазаландыЖОЖдорго жана коллеждерге абитуриенттерди кабыл алуунун 6-туру башталдыИнформатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар тарыхый жыйынтыкка жетишишти17-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37°Cге чейин жетет, айрым аймактарда өткүн өтөтАлександр Смирнов: Курумдуда сөөктөр табылды — булар дайынсыз жоголгон альпинисттер болушу ыктымал
Кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков күрөштөн 4 жылга четтетилди
23.09.2024 | 14:45
Кыргызстандын грек-рим балбаны Акылбек Талантбеков күрөштөн 4 жылга четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, Талантбеков 2023-жылы апрелде өткөн Азия чемпионатындагы кызытма текшерүүсүнөн өтө албай калган: анын организминен тыюу салынган “метастерон” дарысы аныкталган.
Ага байланыштуу балбан жигит, алгач, 2023-жылдын 12-июнуна чейин убактылуу четтетилген. Териштирүүдөн кийин аны 2027-жылдын 11-июнуна чейин күрөштөн четтетүү чечими кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Акылбек Талантбеков 2023-жылы апрелде Астанада өткөн Азия биринчилигинде 82 кг салмакта алтын утуп, Азия чемпиону атанган. Финалда ал казакстандык спортчу Диас Календи жеңген. Эми алтын байге казакстандык балбанга берилет.