Эксклюзив

Кыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек Жекшенкулов

26.10.2026 | 11:00
Кыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек Жекшенкулов — Новости Кыргызстана

Акыркы беш жылда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берген жигердүү тышкы саясаттын аркасында кыргыз дипломатиясы олуттуу ийгиликтерге жетишти. Мындай пикирин Дипломатиялык кызматкердин күнүнө карата Reporter.kg басылмасына курган маегинде КРдин мурдагы тышкы иштер министри, КРСУнун профессору, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов билдирди

Анын айтымында, Президент Садыр Жапаровдун эл аралык аренада сүйлөгөн акыркы эки сөзү Кыргызстандын аброюна оң таасирин тийгизди.

Жекшенкулов эң башкы жетишкендиктердин бири катары республиканын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын атады.

«Бул чоң дипломатиялык жеңиш. Бул жерде биздин союздаштарыбыз менен өнөктөштөрүбүздүн — Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын колдоосун белгилей кетүү керек. Эң башкысы, бул ирет Борбор Азия Кыргызстанды колдоодо бирдиктүү болду», — деп баса белгиледи ал.

Экс-министр Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануу боюнча буга чейинки аракеттеринде чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер болгонун эске салды.

Ошол эле учурда Жекшенкулов Коопсуздук Кеңешиндеги иш республикага чоң жоопкерчилик жүктөй турганын белгиледи. Кыргызстан согуш жана тынчтык, эл аралык коопсуздук, адилеттүү дүйнөлүк түзүлүш, глобалдык башкаруу жана эл аралык кылмыштуулук маселелерин талкуулоого катышууга туура келет.

Анын пикиринде, өлкө алдыдагы ишке олуттуу даярданып, анын талапкерлигин колдогон союздаштары жана өнөктөштөрү менен кеңешип, зарыл болгон учурда эл аралык маселелер боюнча алар менен көз караштарды макулдашып турушу керек.

Дипломатиялык кызматкердин күнүнүн тарыхына токтолуп, Жекшенкулов кесиптик майрамды негиздөө демилгеси 1990-жылдары эле жаралганын айтып берди. Бул дата кокусунан тандалган эмес: 24-октябрда ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун күнү белгиленет.

Экс-министрдин айтымында, чакан мамлекеттер үчүн БУУ өзгөчө мааниге ээ, анткени ал аймагына, экономикалык дараметине жана эл аралык таасирине карабастан, ар бирине өз үнүн угузууга мүмкүнчүлүк берет.

Жекшенкулов майрамды негиздөө демилгеси ошол кездеги президент Аскар Акаев тарабынан колдоого алынганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында ал кыргызстандык дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди каалады.

«Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин алдында турган максаттар менен милдеттерге жетүүдө көп нерсе биздин дипломаттардан көз каранды. Аларга элибиздин бактысы жана Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы жеңиштерди каалайм», — деди Жекшенкулов.

Яна Крайнюкова

Анара Мамытова

Scroll to Top