АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — Рубио

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө ким менен кызматташуу же байланыш түзүү керектигин көрсөтпөйт. Бул тууралуу ЖМКлар АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого таянып билдирүүдө.
Жекшемби күнү Рубио жубайы менен бирге Самарканд шаарына келди. Ал бүгүн C5+1 форматындагы аймак өлкөлөрүнүн жана АКШнын ТИМ жетекчилеринин жолугушуусуна катышат.
«Биз кимдир бирөөгө ким менен иш алып баруу керектигин үйрөтүү максатында келген жокпуз… Биз өз эшигин ачкан дүйнөнүн каалаган аймагы америкалык бизнес менен кызматташууга ишене аларын көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз», — деди Рубио.
АКШнын мамлекеттик катчысы америкалык компаниялар «болгону таза атаандаштыкты жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү» гана каалаарын белгиледи.
«Дүйнөдө америкалык товарлар жана кызматтар башка өндүрүүчүлөр менен атаандаша албай турган бир дагы аймак жок», — деп кошумчалады Рубио.
Ошондой эле ал АКШ Борбор Азия өлкөлөрү үчүн күчтүү өнөктөш болууну каалай турганын жана С5+1 форматы Вашингтон үчүн маанилүү орунга ээ экенин билдирди.
«Кошмо Штаттары Борбор Азияда күчтүү өнөктөш болууну каалайт. Бул өлкөдө тамыр жайып гана тим болбостон, биз менен бизнес жана соода байланыштарын кеңейтүүнү көздөгөн бардык коңшу өлкөлөр менен да иштешүүнү ниет кылат», — деди Рубио.
Ал АКШ C5+1 форматын маанилүү деп эсептей турганын баса белгиледи.
«Биздин азыр бул жерде жүргөнүбүздүн себеби да ушунда. Анткени бүгүн биздин катарыбызга кошулган көптөгөн америкалык компаниялар бул жакка жөн гана сапар үчүн келишкен жок», — деп белгиледи Рубио.
Мамлекеттик катчынын айтымында, аны менен бирге Самаркандга миллиарддаган долларга бааланган келишимдерге кол коюуга даяр 300гө жакын америкалык компаниянын өкүлдөрү келген.
Ал белгилегендей, бул макулдашуулар «аймактын өлкөлөрүн байытып гана койбостон, Кошмо Штаттарына да экономикалык пайда алып келет».