Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулат
Бишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт
26.10.2026 | 10:15

5-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» «Кыялымдагы Кыргызстан» аталышындагы жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган демилгелерин колдоо, алардын коомдук жана социалдык процесстерге катышуусун кеңейтүү, ошондой эле пикир алмашуу үчүн аянтча түзүү болуп саналат.
Иш-чарага студенттер, жаштар жана уюмдардын лидерлери катышып, өлкөнүн келечеги боюнча сунуштарын билдире алышат.
Форумга катышуу үчүн каттоо жогорку окуу жайлары аркылуу жүргүзүлөт. Каалоочулар өздөрү окуган окуу жайларга кайрылышы керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият