Кыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди
Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылды
26.10.2026 | 11:23

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1 тонна 440 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Тазалоо иштеринин натыйжасында быйыл көлдөн узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 даана мыйзамсыз балык уулоочу синтетикалык тор чыгарылган.
Министрлик бул чаралар көлдүн экологиясын сактоого, суу биоресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюуга багытталганын билдирди. Ошондой эле жарандарды көл жээгине таштанды таштабоого жана жаратылышты сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом