Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды

11.10.2026 | 17:16
Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды — Новости Кыргызстана

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Дөңүз-Ой тилкесинде 10-октябрда саат 14:00 чамасында жер көчкү активдешти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Адистердин маалыматы боюнча, жараканын узундугу болжол менен 220 метрди, ал эми көчкү массасынын көлөмү 42,8 миң куб метрди түзөт. Жердин жылуу ылдамдыгы саатына 1,1 метрге чейин жетүүдө.
Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды — иллюстрация

Көчкү басып калуу коркунучу бар аймакта эки турак үй, Ылай-Талаа — Гүлчө автоунаа жолу, электр көмөкчордону жана электр чубалгыларынын мамычалары жайгашкан.

Коопсуздук максатында кооптуу аймактан эки үй-бүлө — жалпысынан 11 адам эвакуацияланды. Алар убактылуу Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.

Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды — контекст события

Окуя болгон жерде ӨКМ кызматкерлери, куткаруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында атайын техниканын жардамы менен убактылуу айланма жол куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды — фото 4

Жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда. Адистер кооптуу аймакты изилдөөнү улантууда жана кырдаалды иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча сунуштамаларды даярдашат.

Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды — фото 5
Scroll to Top