Бишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөт
Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалар топтолду
05.10.2023 | 16:40
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында “Ак-Тилек” жана “Кең -Булуң” өткөрмө бекеттеринде 569 жүк ташуучу унаа топтолуп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
“Кең-Булуң” постунун алдында 121, “Ак-Тилек” – 395, “Чалдыбар” – 53 унаа өтүү үчүн кезекте турат.
“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба товарларынын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, — дейт чек ара кызматы.
Чек ара кызматы Кыргызстан тараптан дагы, Казакстан тараптан дагы чек арадан өтүүгө эч кандай чектөө жоктугун белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом