«Чыккынчы эмес, хан чыккан». Жыйында эки депутат чырдашты (видео)

«Чыккынчы эмес, хан чыккан». Жыйында эки депутат чырдашты (видео)

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов менен Ырысбек Атажанов айтышып, бири-бирине жулунган эл өкүлдөрү мушташып кете жаздады. Аларды Акбөкөн Таштанбеков ажыратып, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев сабырдуулукка чакырды.

Жыйында Ырысбек Атажанов чет элдин өкүлүнүн кыргыз жарандыгын алгандан  10 жыл өткөндөн кийин парламентке ат салышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна каршы чыкты. Депутаттын айтымында, бул мөөнөт аз. Андыктан өлкөдө кеминде 20 жыл жашагандан кийин мамлекеттик жана саясый кызматтарга бара алышы керек.

«Айрымдар Кыргызстанга атайын жөнөтүлүшү мүмкүн. Мисалы, Кытай мамлекети. Бул мыйзам долбоорун артка кайтарып, комитетте атайын кызматтардын катышуусунда жабык жыйын өткөрөлү», — деди Ырысбек Атажанов.

Шайлообек Атазовдун айтымында,  10 жыл — Улуттук коопсуздук кызматы үчүн жаңы жарандык алган атуулду толугу менен текшерип чыгууга жетиштүү мөөнөт.

«Ырысбек Ысламович, чыккынчылар сиздин районуңуздан чыккан. Биринчи вице-премьер-министр болуп тыңчы болду, чек аранын баарын сатты. Эмнеге ошондо караган жоксуз?», — деди ал.

Ырысбек Атажанов кесиптешин этияттыкка чакырып, ал шайланып келген Кадамжай районунан хандар, бектер чыкканын белгилеп өттү.

Талаш тартыш жараткан мыйзам долбоору экинчи окуу режимине кайтарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>