Кыргыз-тажик чек арачылары кездешти. Макулдашууларды кабыл алды

Кыргыз-тажик чек арачылары кездешти. Макулдашууларды кабыл алды

Баткен районунун Булак-Башы жана Төрт-Көчө тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгонун Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүү, инженердик курулуштарды демонтаждоо, бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салуу макулдашылды.

Төрт-Көчө аймагында өткөн жолугушууда тараптар макулдашууларды аткарып, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күч жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын башчылары көзөмөлдөй турган болду.

Төрт-Көчө аймагында Баткен облусу менен Согди облусунун чек ара кызматынын башчылары кездешти.  Жолугушууга тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жетишилген макулдашууларды аткаруу, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын ырасташты.

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери көзөмөлдөйт.

Саат 19:20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>