Кыргыз-тажик чек арасын тактоо: Бустондо эки тараптуу жолугушуу өттү
Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.
Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
[image_carousel source=”media: 214084,214085″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз