Кыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташат

Бүгүн, 19-августта, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен Сеул искусство жана маданият фондунун (SFAC) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Документке филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов жана SFACтын башкы директору Сон Хён Чжон кол коюшту. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева жана аталган фонддун өкүлдөрү катышты.
Меморандумдун алкагында тараптар биргелешкен маданий, театрдык, музыкалык жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну макулдашты. Ошондой эле чыгармачыл адистер арасында тажрыйба алмашуу, мастер-класстарды, форумдарды жана семинарларды өткөрүү каралган.
Министрлик бул кызматташтык Кыргызстан менен Түштүк Кореянын маданий байланыштарын бекемдөөгө жана чыгармачыл жамааттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.