Нарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылды

Нарында олимпиадалык спорттун түрү болгон ок атуу менен машыгуу үчүн жаңы спорттук тир ачылды. Бул тууралуу КР Ок атуу спорту федерациясынан билдиришти.
Салтанаттуу ачылыш аземи 17-августта болуп өттү. Жаңы тир спортчуларды даярдоого жана аймакта ок атуу спортун өнүктүрүүгө арналган.
Долбоор КР Ок атуу спорту федерациясы тарабынан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылды.


Тирдин ачылышынын алкагында ок атуу боюнча мелдештер өттү. Спортчулар өз чеберчилигин көрсөтүп, ошондой эле иш-чаранын коноктору үчүн мастер-класс өткөрүштү.
Андан соң жаңы тирдин базасында ок атуу боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасынын окуу-машыгуу жыйындары башталат. Спортчулар алдыдагы мелдештерге жаңы шарттарда даярдана алышат.
Федерациядан белгилешкендей, бул объекттин ачылышы Кыргызстандын аймактарында спортчуларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.