Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректер
19.08.2026 | 17:05

31-августта Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган «Бишкек Арена» стадионуна жарандарды алып баруу үчүн шаттл-автобустар уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Транспорттук каттамдар шаардын 21 пунктунан ишке ашырылат. Иш-чара аяктагандан кийин автобустар көрүүчүлөрдү стадиондон кайра баштапкы пункттарга жеткирет.
Автобустар төмөнкү пункттардан жөнөшөт:
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
- Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
- Ауэзов көчөсү, 4;
- «Тунгуч» кинотеатры;
- Аул көчөсү, 10А/1;
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2;
- И. Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
- Алтымышев көчөсү, 98/1;
- Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6;
- Эркиндик бульвары, 1/А;
- Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
- Малдыбаев көчөсү, 275/6;
- Шабдан Баатыр көчөсү, 52;
- Ю. Фучик көчөсү, 6;
- Дэн Сяопин проспектиси, 209;
- Гагарин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
- Тыналиев көчөсү, 16.
Шаттл-автобустардын каттамдары жана жайгашкан жери тууралуу маалымат «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде да жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом