Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Кыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылат
10.09.2026 | 16:59

Кыргызстанда футбол жөнүндө «Топ Юнайтед» аталышындагы көркөм сериалы тартылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Сериал кыргыз тилинде спорттук драмеди жанрында тартылат. Ал ушул жылы экранга чыгат.
Сюжеттин негизин улуттук курама команданын мурдагы оюнчусунун өспүрүмдөрдөн түзүлгөн футбол командасын машыктыруусу жана анын үй-бүлөсү менен болгон мамилеси түзөт. Анда үй-бүлө, достук жана спорт багытындагы темалар камтылат.
Сериалды «Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси, Кинематография департаменти жана «1.1 Studio» кинокомпаниясы тарабынан биргелешип тартууда.
Теги: футбол