Түрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтөт

Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.
Иш-чара Казакстандын Ички иштер министри Ержан Саденовдун төрагалыгы алдында өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.
Жолугушууда укук коргоо органдарынын кызматташтыгы, издөөдө жүргөн адамдарды жана дайынсыз жоголгон жарандарды табуу маселелери каралды. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу жасалган кылмыштарга, мыйзамсыз букмекерликке, кумар оюндарына, экстремизмге, терроризмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү багыттары талкууланды.
Жыйында ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды.
Мындан тышкары ТМУга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 4-жыйынын 2027-жылы Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды. Иш-чаранын соңунда коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлду.