Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдөЫрчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы ыйгарылдыФинкөзөмөл кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумду
Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 6 бала жабыркады
11.12.2022 | 15:38
Кечээ, 10-декабрда Бишкекте эки унаанын (оң рулдуу унаалар) катышуусунда жол кырсыгы болуп, 6 бала жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-декабрда болжол менен саат 13:00до Toyota MR2 унаасы Жайыл-Баатыр көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинен Toyota Wish унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында 2010-2011-жылы туулган 6 жаш бала жабыркап, алар №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу унаа менен жүрүүдө ашып өтүү, маневр жасоо эрежелерин так сактоону өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом