Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барат

15.10.2026 | 18:16
Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барат — Новости Кыргызстана

15–17-октябрь күндөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө өлкө башчы Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу менен БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагындагы Лидерлердин саммитине катышат.

Ошондой эле Садыр Жапаров Армениянын жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Иш-чаралардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Scroll to Top