MBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулат

16.10.2026 | 12:26
MBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулат — Новости Кыргызстана

MBANK «MBANKтан Маниполия» аттуу масштабдуу акциясын баштады. Жалпы байге фонду 50 млн сомду түзгөн акциянын алкагында 350 миң байге, кызыктуу тапшырмалар жана башкы супербайге — 2026-жылы чыгарылган жаңы BMW X5 xDrive 40i унаасы даярдалды. Күнүмдүк банктык кызматтар интерактивдүү квестке айланды: колдонуучуларга эч нерсе жүктөп алуунун кереги жок, акция түз эле MBANK мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

«MBANKтан Маниполия» кантип иштейт?

Акцияга MBANK тиркемесинин Кыргызстанда жашаган, 18 жаштан жогору жана идентификациядан өткөн бардык колдонуучулары катыша алышат. MBANK мобилдик тиркемесинин башкы экранында «Маниполия» бөлүмү жана анын ичинде атайын интерактивдүү оюн талаасы болот. Оюндун эрежелери жөнөкөй жана түшүнүктүү:

  • Акысыз жүрүштөрдү алыңыз: күн сайын колдонуучуга 3 акысыз жүрүш берилет. Тапшырмаларды аткаруу менен жаңы жүрүштөр үчүн кошумча «Энергия» топтоого болот.
  • Тапшырмаларды аткарып, «Мани» алыңыз: жол кирени жана коммуналдык кызматтарды төлөөдөн тартып, MPay аркылуу сатып алууларды жүргүзүүгө, акча которууга жана балансты толуктоого чейин кадимки каржылык операцияларды аткарыңыз. Ар бир аракет үчүн «Мани» топтоңуз!
  • Оюн талаасындагы уячалардан өтүңүз: маршрутта бонустар, чакан интерактивдүү тапшырмалар, финансылык сабаттуулук боюнча тесттер жана өнөктөштөрдүн сыйлыктарын тандоого мүмкүнчүлүк берген атайын уячалар бар.
  • Топтоп, байгелерди алыңыз: активдүүлүгүңүз үчүн «Мани» чогултуп, аларды түз эле тиркемедеги атайын «Дүкөндөн» кепилденген байгелерге же өнөктөштөрдүн бонустарына алмаштырыңыз.

«MBANKтан Маниполия» акциясынын байге фонду

Жалпы байге фонду 50 млн сомдук 350 миң байгени камтыйт.

Мыкты гаджеттер — iPhone 18 Pro, iPhone 17, PlayStation 5, Acer Nitro оюн ноутбуктары, iPad Air, AirPods 4 жана бренддик сувенирлер.

Промокоддор жана бонустар — өнөктөштөрдөн арзандатуулар жана атайын сунуштар: «Азия» жана «Азбука» азык-түлүк дүкөндөрүнүн тармактарынан, Kulikov, Coca-Cola, «Мой Бургер», Royal Sport Adidas, Jana Post, WB Taxi, «Яндекс Еда» кызматтарынан, ошондой эле MBonus бонустары.

Акчалай байгелер жана сертификаттар — MTravel, MHouse, Mashina жана MMarket кызматтарына 10 миң сомдон башталган номиналдагы сертификаттар, ошондой эле MBANKтан 1 млн сомдук атайын акчалай сертификат.

Mastercardтын эксклюзивдүү суперсериясы

Mastercardтан байгелерди алууну каалаган катышуучулар үчүн өзүнчө эрежелер каралган: MBANK чыгарган Mastercard картасы менен Apple Pay аркылуу бир чыкылдатуу менен сатып алуулар үчүн төлөңүз.

Mastercardтын «Маниполия» акциясындагы байге фонду

Mastercardтын атайын сунушунун алкагында төмөнкү супербайгелер каралган:

  • салондон жаңы чыккан 2026-жылкы BMW X5 xDrive 40i унаасы;
  • 256 ГБ эс тутуму бар 12 даана iPhone 17 смартфону.

Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана коопсуздук

«MBANKтан Маниполия» акциясы байгелерди утуп алуу үчүн гана эмес, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга арналган интерактивдүү машыктыруучу катары да түзүлгөн. Оюн талаасында катышуучулар акчаны алдамчылардан коргоо жана жеке бюджетти туура башкаруу боюнча суроолору бар атайын уячаларга туш болушат. Туура жооп берген колдонуучулар билимдерин өркүндөтүп, кошумча «Мани» алышат.

«MBANKтан Маниполияда» алгачкы жүрүшүңүздү азыр жасаңыз! MBANK тиркемесине кирип, «Мани» топтоп, байгелериңизди алыңыз.

Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Катышуунун толук эрежелери жана шарттары менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: «MBANKтан Маниполия» акциясына катышуу эрежелери.

MBANK — Кыргызстанда жасалган!

КР Улуттук банкынын № 014 лицензиясы

Теги: мбанк
Scroll to Top