Кыргызстан бөтөлкөдө суу чыгаруу үчүн франшиза сатып алууга даяр

Кыргызстан бөтөлкөдө суу чыгаруу үчүн франшиза сатып алууга даяр

Кыргызстан бөтөлкөдө суу чыгарган ири эл аралык компаниялардын франшизасын сатып алууга даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы ошондой эле, 2023-жылга карата милдеттери талкууланды.

“Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле жеке секторлордун эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерин диверсификациялоодо абдан маанилүү. Министрликтердин жана ведомстволордун Кытайга ата мекендик экспорттун көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы турат”, — деп айткан Акылбек Жапаров Кыргызстандын Кытай Эл Республикасында, Түркияда жана Өзбекстанда соода өкүлчүлүктөрүн ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров бөтөлкөдөгү сууну экспорттоо иштерин күчөтүү менен потенциалдуу инвесторлорду/өндүрүшчүлөрдү республиканын аймагына тартуу аркылуу өз бренди менен өндүрүш ачуу жана андан ары чет өлкөлүктөргө жеткирүү зарыл экендигин кошумчалады.

“Мамлекет үчүн приоритеттүү багыт катары жашыл энергетиканы өнүктүрүү, ири, орто жана чакан гидроэнергетикалык объектилерди куруу болуп саналат, бул тармакка инвестиция тартуу зарыл. Суу маанилүү ресурс, бул багытта дагы инвестиция тартуу керек. Биз бөтөлкөдөгү суу чыгарган ири эл аралык компаниялардын франшизасын сатып алууга даярбыз жана алар менен биргелешкен ишкана түзүү, жергиликтүү ишкерлерди окутуу жана чет элдик компаниялардын жардамы менен эл аралык рынокко чыгууга жол ачылат”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>