Кеминде психиатриялык оорукана саркынды сууну арыкка төккөнү үчүн айыпка жыгылды

01.10.2026 | 12:10
В Кемине психбольницу оштрафовали за слив воды из канализации в арык — Новости Кыргызстана

Кемин районунда Чым-Коргон психиатриялык ооруканасынын канализация системасынан чыккан саркынды суулар арыкка төгүлгөнү аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн саркынды суулардан үлгүлөр алынды. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү баа берилет.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик чара көрүлүп, мекемеге 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мекеменин башкы дарыгеринин маалыматына караганда, мындай кырдаалга саркынды сууларды чыгаруу жана сордуруу үчүн колдонулган жабдуулардын иштен чыгышы себеп болгон. Тактап айтканда, фекалдык насостор жана компрессор иштебей калган. Колдо болгон маалыматка ылайык, фекалдык насостор болжол менен эки жумадан бери иштеген эмес.

Учурда мекеменин жетекчилиги жабдуулардын ишке жарамдуулугун калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүдө. Компрессор сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, көйгөйдү чечүүнүн башка жолдору да каралууда.

Scroll to Top