Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоо схемасына кошулду

Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоо схемасына кошулду

Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим баалуу таштарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

«Кимберли процесси – эл аралык өкмөттөр аралык демилге. Негизги максаты дүйнөлүк рынокко «кандуу» же «чырлуу» деп аталган алмаздардын – мыйзамсыз алынган, аларды сатуудан түшкөн каражаттар аймактык чатактарды жана эл аралык террористтик топторду каржылоого багытталган баалуу таштардын кирүүсүнө каршы күрөшүү болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.

Кимберли процесси эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>