Милиция: Ошто бала бакчанын жетекчиси пара менен кармалды

Милиция: Ошто бала бакчанын жетекчиси пара менен кармалды

Ош шаарында бала бакчанын жетекчиси милицияга пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, айрым интернет булактарында «Би-Би» аттуу бала бакчада иштегендер жеткинчектерге атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келген, талаптарга жооп бербеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жаткандыгы тууралуу видеороликтер чыгып, ага байланыштуу милиция менен УКМК бала бакчанын ишин текшерүүгө алган.

Тершерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын жетекчиси – 53 жаштагы Ф.Х. аттуу аял текшерүү иштерин токтотуу үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган.

Укук коргоо органдары билдиргендей, натыйжада милиция менен УКМК кызматкерлери аны 20 миң сом пара берип жатканда кармаган.

Учурда аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>