Кыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташат

Кыргызстандык компаниялар Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (CNPC) менен мунай продуктуларын ташып келүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул бүгүн, 19-августта, Үрүмчү шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун аталган корпорациянын башкы директору Ло Ичжоу менен жолугушуусунда ишке ашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жолугушууга Кыргызстандын мунай тармагында иштеген ондон ашык компания жетекчилери катышкан. Жолугушууда CNPCге караштуу «Куньлунь Логистик» компаниясы аркылуу Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү тартиби талкууланган. Бул компания мунай продуктуларын ташуу жана кампа логистикасы боюнча эл аралык стандарттарда иш алып барат.
Эрлист Акунбеков региондогу мунай рыногундагы кырдаалдан улам Кытай менен бул багыттагы кызматташтыкты тереңдетүү стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеген.
Өз кезегинде Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын башкы директору Ло Ичжоу кытай тарап натыйжалуу жана үзгүлтүксүз «Кытай-Кыргызстан» энергетикалык логистикалык коридорун түзүүгө даяр экенин билдирген.
Маалымат үчүн: Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (CNPC) — дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ өндүрүүчү мамлекеттик корпорациялардын бири. Ал чалгындоо, кайра иштетүү жана продукцияны эл аралык куурлар аркылуу ташуу менен алектенет.