Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндү
Башка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөт
19.08.2026 | 14:28

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга алардын атынан башка бирөөлөр кредит алганын кантип аныктаса боло турганын жана андан коргонуу жолдору тууралуу маалымдады.
Азыр дароо кантип текшерсе болот?
Өз атыңызга жазылган кредиттерди текшерүүнүн эң ишенимдүү жолу — кредиттик таржымалды алуу. Муну банктардын мобилдик тиркемелери же «Ишеним», «Сэйф энд Саунд» сыяктуу кредиттик бюролор аркылуу ишке ашырууга болот.
Кредиттик таржымалды карап жатканда төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:
- учурдагы жана мурунку бардык кредиттердин сизге таандык экенине;
- төлөнгөн кредиттердин толук жабылгандыгына;
- жеке маалыматтардын (паспорт, дарек, телефон) тууралыгына.
Кантип коргонуу керек?
Алдамчылыктан сактануу үчүн Улуттук банк төмөнкү чараларды сунуштайт:
- кредиттик таржымалды жылына кеминде бир жолу текшерип туруу;
- эгерде кредит алууну пландабасаңыз, «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүңүзгө-өзүңүз тыюу салуу кызматын колдонуу;
- шектүү шилтемелерге кирбөө жана жеке маалыматтар менен сыр сөздөрдү бейтааныш адамдарга бербөө.