Бишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат

19.08.2026 | 16:23
Бишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат — Новости Кыргызстана

21-22-август күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамбли катышат. Спектаклдин ачылышына Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин катышат.

Программанын алкагында музыка жана хореография аркылуу «Манас» эпосунун мазмуну чагылдырылат. Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөө жана маданий мурастарды жайылтуу максатын көздөйт.

Спектакль саат 19:00дө башталат. Көрсөтүүгө кирүү акысыз.

Scroll to Top