Кыргызстан менен Малайзиянын ТИМ башчылары жолукту

Кыргызстан менен Малайзиянын ТИМ башчылары жолукту

Бүгүн, 3-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министрлери саясий диалогду бекемдөө, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы ички саясий трансформациялар жана өлкө жетекчилиги тарабынан экономиканы өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу айтып берди.

Жээнбек Кулубаев кыргыз-малайзиялык соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде айыл чарба продукциясын экспорттоо, санарип өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, жашыл экономика жана халал индустриясын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Замбри Абдул Кадыр Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелер достукка жана өз ара урматтоого негизделгендигин баса белгилеп, малайзиялык тарап эки тараптуу форматта биргелешкен активдүү ишке, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле медицина жана билим берүү тармактарын өз ара аракеттенүүгө басым жасады.

Мындан тышкары, тараптар министрлердин орун басарларынын деңгээлинде ТИМ аралык саясий консультацияларды уюштурууну талкуулашты.

Эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин башчылары саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө жигердүү практикалык кызматташууну улантаарына бекем ишенимдерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Малайзиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча документке кол коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>