Кыргызстан менен Монголия инвестиция тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Монголия инвестиция тармагында кызматташат

Улуттук инвестициялык агенттик менен Монголиянын Соода жана инвестиция агенттиги инвестиция тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга кол коюу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэненин расмий жолугушуусунун алкагында өттү.

Белгилеп кетсек, бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык байланыштарды орнотуудагы биринчи маанилүү кадам болду.

Меморандумдун негизги максаты — Кыргызстан менен Монголиянын бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү. Эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесинин ортосунда тажрыйба жана билим алмашууга өзгөчө басым жасалат.

Мындай кызматташтык эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, дипломатиялык жана соода мамилелерин чыңдоого, ошондой эле ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктү кеңейтет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>