УКМК “Хизбут-Тахрирге” тиешеси бар делген адамдарды кармады (видео)

УКМК “Хизбут-Тахрирге” тиешеси бар делген адамдарды кармады (видео)

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу каналдары аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча 2 каналга бөгөт коюлду.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жарандары О.А. жана С.Т. аталган ДЭУнун медиа канатынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелип кармалды, ошондой эле алардын жашаган жеринен төмөнкүдөй буюм далилдери табылып, алынды: дисктер, смартфондор, ноутбуктар, өндүрүштүк принтерлер.

Кармалгандар Юстиция министрлигине караштуу ЖАК 21-тергөө абагына киргизилди.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>