Бишкекте массалык түрдө уулануу катталды — 37 адам жабыркап, бирөө реанимациядаПрезидент бир катар маданият ишмерлерине Токтогул сыйлыгын ыйгардыКазакстанда курьер болуп иштеген энелер жөлөкпулдан кол жуушу мүмкүнАзамат Намазалиев Аксы районунун акими болуп дайындалдыКР Министрлер кабинети: ШКУга коопсуз маалымат мейкиндиги зарылКара-Көл шаарынын мэринин кызматтан алынуу себеби белгилүү болду — толук маалымат
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы такталбаган жерде эки тараптан адамдар чогулду
19.02.2021 | 17:38
19-февралда Лейлек районунун Кайрыгач аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы Кайрыгач аймагындагы жолдун боюндагы такталбаган аймакка кыргыз жараны май куючу жай куруп баштаган. Тажик тарап ага каршы чыгып, курулуштун токтотулушун талап кылган. Мындан улам эки тараптан 50дөй адам топтолгон.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, курулуш иштери токтотулган. Учурда тажик-кыргыз чек арасында абал туруктуу деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом