Алгачкы жолу кыргызстандык окуучу физика боюнча Европа олимпиадасында медаль алды

Кыргызстандык окуучу Аскар Абдиев физика боюнча Европа олимпиадасында (EuPhO 2026) коло медаль жеңип алды. Бул Кыргызстандын аталган мелдештеги алгачкы медалы болуп саналат. Агартуу министрлигинин маалыматында, Абдиев «Аалам» эл аралык мектебинин (AIMS Razzakov) 12-классында окуйт.
Мындан тышкары, мелдешке катышкан «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков «Ардак грамотага» (Honourable Mention) татыктуу болду. Бул дагы өлкө тарыхындагы алгачкы көрсөткүч.
Физика боюнча Европа олимпиадасы 2026-жылдын 12–16-июнь күндөрү Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Ага 41 өлкөдөн 199 окуучу катышып, теориялык жана эксперименталдык тапшырмаларды аткарышты.
Кыргызстандын курама командасын Дүйшөн Сатыбалдиев жетектеген. Аскар Абдиевди Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев, ал эми Айтегин Эмилбековду Андрей Сидоренко жана Тургунбек Омурканов машыктырган. Агартуу министрлиги окуучуларды жана машыктыруучуларды бул жетишкендик менен куттуктады.