Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддин 14-апрелде телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулады.

«Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү иштерин улантуу керектигин белгилешти»,- деп жазылган Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта.

Өз кезегинде Тажикстандын мамлекеттик «Ховар» агенттиги Мухриддин кыргыз чек арачыларынын аракеттерин айыптаганын кабарлады.

«Мухриддин кыргыз чек арачыларынын аракетин айыптап, окуя боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылды», — деп жазды агенттик.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали болду.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>