Кыргызстан менен Түштүк Корея ата мекендик стоматологияга жогорку технологияларды киргизет
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Корея Республикасынан келген медициналык делегация менен жолугушту. Тараптар жогорку технологиялык медицина тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү жана республиканын саламаттык сактоо тутумуна инновациялык дүйнөлүк стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Кызматташтыкта негизги басым Кыргызстандын стоматологиялык кызматын заманбапташтырууга жасалды. Пландардын катарында — алдыңкы технологияларды, анын ичинде 3D-моделдөө жана жогорку тактыктагы имплантология тутумдарын трансферлөө (өткөрүп берүү) каралган. Ошондой эле ата мекендик клиникаларды акыркы муундагы санариптик жабдуулар менен комплекстүү кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Корея тарап техникалык колдоо көрсөтүүгө жана медициналык инновациялар жаатындагы уникалдуу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин тастыктады. Бийлик өкүлдөрү бул демилгелерди ишке ашыруу өлкө жарандары үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын олуттуу жогорулатарына ишенишет.