ЖАМКтын аскер кызматкери зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө — чоо-жайы

11.05.2026 | 11:43

ЖАМКтын (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы) Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкери зордуктоого аракет кылууга шектелүүдө, бул маалыматты Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 8-майда Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 8-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкектин 20 жаштагы тургуну борбордогу кафелердин биринен кыздар менен таанышкан. Алар саат 06:00гө чейин чогуу болушуп, андан соң Hyundai Sonata автоунаасы менен Аламүдүн районунун Кой-Таш айылына жакын жайгашкан капчыгайга барышкан. Ал жерден шектүү кыздардын бирин зордуктоого аракет кылган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (“Зордуктоого аракет кылуу”) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Scroll to Top