Кыргызстан менен Түркиянын маданий борборлору ачылат

Кыргызстан менен Түркиянын маданий борборлору ачылат

Бүгүн, 7-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен  Түркиянын ортосунда маданий борборлорду уюштуруу жөнүндө макулдашуу үч окууда ратификацияланды.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, маданий борборлорду, анын филиалдарын эки өлкөнүн аймактарына ачылышына шарт түзүп, достук мамилелерди өнүктүрүү, маданият, илим, билим тармагында эки тараптуу кызматташтыкты камсыздоо, мекендештерге көмөк көрсөтүү, эне тилди жана улуттук каада-салтты сактоо, тыгыз карым-катышты орнотуу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүлмөкчү.

Келишимге кыргыз тарап келечекте кыргыз маданий борборун ачууну ишке ашыруу максатында жана ченемдик укуктук базаны түзүү үчүн кол койгон.

Анткени Кыргызстандын маданий борборлорун Анкарада ачууда борбордун ишмердигин жөнгө салган документтерди иштеп чыгуу, республикалык бюджеттен кошумча каражат, тагыраагы, имараттын ижара акысы, же жер тилкесин сатып алып, маданий борбордун имаратын курууга, кызматкерлерди жалдоого жана коммуналдык кызматтар үчүн акча талап кылынат. Кыргызстандын Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбору Анкара шаарында түзүлөт. Ага бир жылда 33,6 миллион сом керектелмекчи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>