Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Футзал: Кыргызстандын командасы Иранга 0:11 эсебинде утулду
07.02.2024 | 19:28
Тажикстанда өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы алгачкы жеңилүү ызасын тартты.
Үчүнчү күндөгү беттеште Кыргызстандын командасы Ирандын курамасы менен беттешип, 0:11 эсебинде утулуп калды.
Буга чейинки беттештерде кыргызстандык кыз-келиндер Түркмөнстанды (3:1) жана Тажикстанды (4:2) жеңип алышкан.
11-февралда финалдык оюнда Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын курама командасы менен беттешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт