Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстан окуучулар үчүн окуу дептерлерди чыгарат
19.07.2023 | 11:04
Кыргызстан окуучулар колдонуучу окуу дептерлерин чыгарат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ведомствонун жыйынында кечээ, 18-июлда билдирди.
“Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Орусиядан алынып келчү. Жылына 15 миллион тетрадды чет жактан ташып келчүбүз. Улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептер эми өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана өндүрүштү да көтөрөт”, – деди Иманалиев.
Министр ошондой эле ар бир мектепке илине турган мугалим, окуучу жана ата-эне үчүн этикалык кодекстер иштелип чыккандыгын кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом