Кыргызстанда мөңгүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана алардын абалына көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда мөңгүлөр жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү, аларды коргоо үчүн комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле гидрометеорологиялык станциялар жана посттор үчүн мамлекеттик жерлерди бөлүп берүүнүн жаңы тартибин караган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Өзгөртүүлөрдү «КРдеги гидрометеорологиялык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамга, Суу жана Жер кодекстерине киргизүү сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири — мөңгүлөрдү булгануудан жана азайып (тартылып) кетүүдөн коргоо үчүн укуктук механизмдерди түзүү болуп саналат.
Демилгечилер белгилегендей, учурда мыйзамдарда мындай тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук механизм жок.
Бул үчүн гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Ал гляциология тармагындагы изилдөөлөрдү координациялап, мамлекеттик, илимий жана башка уюмдардын материалдарын чогултуп, системалаштырып, жалпылайт, ошондой эле мөңгүлөр жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзөт.
Реестрге мөңгүлөрдүн жайгашуу схемаларын, алардын негизги морфометриялык көрсөткүчтөрүн жана мөңгүлөрдүн өзгөрүүсүнө карата анализдерди киргизүү пландалууда. Алынган маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу орган мөңгүлөрдү коргоо, климаттын өзгөрүшүнүн жана антропогендик факторлордун терс таасирин алдын алуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга тийиш.
Мындан тышкары, аналитикалык баалоолорду жана илимий изилдөө иштерин, анын ичинде комплекстүү жана экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүү каралууда.
Алынган маалыматтарды узак мөөнөттүү болжолдоолор үчүн, ошондой эле мөңгүлөрдү булгануудан сактоо жана алардын азаюу (деградация) ыргагын басаңдатуу боюнча илимий негизделген сунуштарды даярдоого пайдалануу пландаштырылууда.
Долбоордун авторлору бирдиктүү тартиптин жоктугу кооптуу гляциологиялык процесстерге мониторинг жүргүзүү тутумунун өз ара байланышын начарлатып, пайдалуу кендерди казып алуу, жигердүү туризм жана транспорттук каттам аймактарында мөңгүлөрдүн булганышын алдын алуу чараларын көрүүнү татаалдаштырып жатканын көрсөтүшөт.
Өзгөртүүлөрдүн өзүнчө бир бөлүгү мамлекеттик гидрологиялык станцияларга жана постторго тиешелүү. Суу кодексинде алардын түшүнүгүн жер үстүндөгү суу ресурстарына байкоо жүргүзүүгө, мамлекеттик мониторингге жана суу кадастрын жүргүзүүгө арналган мамлекеттик байкоо тармагынын стационардык пункттары катары бекитүү сунушталат.
Демилгечилер белгилегендей, азыркы тапта жер мыйзамдарында жердин категориясына карабастан гидрометеорология кызматына гидропосттор үчүн тилкелерди берүүнүн атайын механизми жок. Бул өзгөчө аларды сугат айдоо жерлерине жайгаштырууну кыйындатат, анткени сугат жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилген. Ошол эле учурда гидропостторду суу объектилерине жана сугат тармактарына түздөн-түз жакын жерде жайгаштыруу зарыл.
Мыйзам долбоору гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик жер тилкелерин акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүүнү карайт. Жер мамлекеттик байкоо тармагынын объекттерин жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо, пайдалануу жана техникалык жактан тейлөө үчүн колдонулушу мүмкүн.
Бул учурда жер тилкесин башка категорияга которуу талап кылынбайт. Мындай тартипти мамлекеттик айыл чарба багытындагы жерлерге, токой жана суу фондуларынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине жана запастагы жерлерге да жайылтуу сунушталууда. Аларды пайдаланууда мыйзамда белгиленген атайын режимдер сакталышы кажет.
Берилген жер тилкелерин мамлекеттик байкоо тармагынын объектилерин жана аларга байланыштуу инфраструктураны жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн гана колдонууга уруксат берилет. Мындай объектилерге стационардык байкоо пункттары, гидрометеорологиялык станциялар жана посттор, лабораториялар, борборлор жана обсерваториялар кирет.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул өзгөртүүлөр мамлекеттик байкоо тармагынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга, гидрологиялык байкоолордун ырааттуулугун сактоого, суу ресурстарынын мониторингинин жана мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүүнүн ишенимдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Зарыл болгон иш-чараларды ыйгарым укуктуу органга каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде каржылоо сунушталууда.
Мыйзам кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова