Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат

26.09.2026 | 10:16
Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашык батирдин курулушун бүткөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкектеги «Асман Резиденс-1» турак жай комплексинин ачылышында айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, мунун аркасында 20 миңге жакын үй-бүлө өз турак жайына ээ болот.

Президент белгилегендей, учурда өлкөдө 150–200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж. Алардын 100 миңге жакынын 2026–2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.

Садыр Жапаров мамлекет 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу милдетин коюп жатканын билдирди.

Ал ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы учурда 2 млрд долларга жакын экенин жана аны мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. 2030-жылга чейин МИК райондук борборлордо, чакан шаарларда жана айылдарда турак жай курулушун кеңейтүүнү пландоодо.

Ал эми «Асман Резиденс-1» комплексиндеги жаңы батирлер УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине берилди. Турак жайлар МИК аркылуу «Менин үйүм» программасынын алкагында берилүүдө.

Комплекстин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Ал 11 блоктон туруп, 1 050 батирге эсептелген. Аймагында 551 унаа токтотуучу жай каралган, анын 178и жер үстүндө, 373ү жер астында жайгашкан. Ошондой эле балдар аянтчалары бар.

Рубрики: Коом, Экономика
Scroll to Top