Кыргызстанда 1,4 миң адис «Санарип көчмөн» макамын алды

Кыргызстанда 1,4 миң адис «Санарип көчмөн» макамын алды

Кыргызстанда 2022-жылдын сентябрь айынан бери “Санариптик көчмөн” пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, жумуш-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк адистер укуктуу.

Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдиргендей, «Санариптик көчмөн» макамына арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия Федерациясынын жарандары бере алышат.

«Санариптик көчмөн статусун алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат, ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөйлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алат. Макамды алуу үчүн арыз ework.e-gov.kg электрондук порталы аркылуу берилет. Сентябрь айынан бери 1426 адис «Санариптик көчмөн» макамын алышты», — деди Нурдөөлөт Базарбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>