Кыргызстан өзү кендерин иштетет

Кыргызстан өзү кендерин иштетет

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн пайдалуу кендерди мамлекет өзү иштетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу отурумунда билдирди.

«Бюджетти көбөйтүүгө багытталган иш-аракеттерибиз маанилүү тармактарда ийгилик менен коштолуп, реалдуу аракеттер көрүлсө, максаттар ишке ашарын көрсөтө алдык», — деди мамлекет башчысы.

Ал Кумтөрдүн мамлекеттин, элдин менчигине кайтарылышы эң чоң жеңиш экенин баса белгиледи.

«Мындан ары мамлекет өзү республиканы иштетүү үчүн пайдалуу кендерди иштетип, алардан түшкөн киреше элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат», — деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле жер казынасын иштетүүдө мамлекеттин үлүшү болушу керек деген ченемдик укуктук актылар кабыл алынганын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>