Рамзан Кадыров чечен тили үчүн чоң байге коюп, сынак жарыялады

Рамзан Кадыров чечен тили үчүн чоң байге коюп, сынак жарыялады

2023-жылы чечен тилин билүү боюнча сынак өтүп, анын баш байгесин — 5 миллион рублди Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Анын айтымында, жеңүүчү деп чечен тилинде эң көп сөздөрдү билген катышуучу болот, катышуучулардын жашы жана жынысы маанилүү эмес.

«Чечен тили Чеченстандын Конституциясында мамлекеттик тил катары бекитилген. Бул өзгөчө макам, аны Чечен Республикасынын биринчи президенти, Россиянын Баатыры Ахмат-Хаджи Кадыров ар дайым жактап келген”, — деди.

Чеченстандын башчысынын жана өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Галас Таймасханов өз кезегинде келерки жылы чечен тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча Эксперттик кеңештин иши күчөтүлөөрүн билдирди.

«Бул багытта үй-бүлө институтун бириктирүүдөн баштап, гранттарды берүү, чечен тилинде китептерди чыгаруу, эне тилди үйрөнүүгө арналган форумдарды, фестивалдарды, конкурстарды уюштурууга чейинки көп иштер турат. 2023-жылы 700дөн ашык тематикалык иш-чараларды өткөрүү пландалууда», — деди Таймасханов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>