Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан чегирткеге каршы күрөшүүдө аракеттерин бириктиришти

Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү максатында чек ара аймактарында масштабдуу биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Бул иш-чаралар БУУнун ФАО (Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүндө зыянкечтерге каршы көзөмөлдү жакшыртуу боюнча аймактык долбоорунун алкагында өттү, деп билдирди КР Айыл чарба министрлиги.
Чегирткенин жайылуу очокторуна мониторинг жүргүзүү Баткен облусунда Тажикстандан келген адистер менен биргеликте, ал эми Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында — Казакстандан келген кесиптештер менен бирге ишке ашырылды. Адистер чек аралардагы учурдагы фитосанитардык кырдаалды баалап, коргоо чараларын координациялоо үчүн актуалдуу маалыматтар менен алмашышты.
Чек аара аралык көзөмөлдүн жыйынтыктары коңшу мамлекеттердин ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашууну жолго коюуга жана талааларды өз убагында алдын ала дарылоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Биргелешкен иш зыянкечтердин каптап кетүү тобокелдиктерин азайтууга жана Борбор Азиядагы айдоо аянттары менен жайыттарды коргоого жардам берет.