ПМЭФ-2026: Кыргызстан Орусиянын аймактары менен өнөктөштүгүн кеңейтти

Санкт-Петербург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Орусиянын аймактарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алардын жыйынтыгында кызматташтыктын ар түрдүү багыттарын камтыган келишимдерге жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

Министрлер кабинетинин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ) аянтында Калининград облусунун губернатору Алексей Беспрозванных менен жолугушуу болуп өттү.

Тараптар агроөнөр жай комплекси, маданият, туризм жана өнөр жай тармактарындагы кызматташууну талкуулашты, ошондой эле маанилүү иш-чараларга бири-бирин чакырышты, деп айтылат маалыматта. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду (КОӨФ) менен «Калининград облусун өнүктүрүү корпорациясы» АКсынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ошондой эле Вологда облусунун губернатору Георгий Филимонов менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен аталган аймактын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү келечеги каралды.

Вологда облусунун өкмөтү менен КР Министрлер кабинетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары, Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
